Университетибизде окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Даярдоо класстарында эки тилди тең жогорку деңгээлде үйрөнүү шарттары түзүлгөн.
Кош дипломдор биздин бүтүрүүчүлөргө кең география тармагында иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Учурда биздин бүтүрүүчүлөр 5 континентте жана 43 мамлекетте эмгектенишет.
Биздин университеттен жогорку билим алууну тандаган студенттер окуу акысын төлөшпөйт.
Эл аралык тажрыйбага ээ болгон профессордук-окутуучулар курамынан алган кесиптик билим менен биздин студенттер кызуу атаандашууга даяр.